Өмүрбек Бабанов Москвадан коомчулукка үн катты

Автор -
214

Өмүрбек Бабанов өзүнүн facebook баракчасы аркылуу Москвага кеткенине кызыккан коомчулукка кайрылды.

Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн менин персонама болгон кызыгуусуна ыраазычылык билдирем :). Мен өз иштерим менен алекмин, алар ички да, эларалык да каттамдарга чыгууну талап кылат. Эч жакка, эч кимден качкан эмесмин, качкан жокмун. Сиздер билгендей, күбө катары тергөө органдарына өз убагында барып турам, ушул убакыттын ичинде аларга бардыгын түшүндүрүп, актыгымды далилдей алдым деп ишенем. Ал эми менин кыймылыма чектөө жок. Андыктан өз иштерим менен тышка учуп чыккам, анан албетте өз мекеним Кыргызстаныма келем!”, — деп жазат саясатчы.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү