Асель Кодуранова 2 айга үй камагына алынды

Автор -

КСДП төрайымы Асель Кодуранова эки айга үй камагына алынды. Кечээ, 9-октябрда Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутатынын баш коргоо чарасы каралды.

Ага чейин депутат ИИМде алты сааттан ашык сурак берген. Буга чейин Асель Кодуранова Кой-Ташта 7-8-август күндөрү болгон окуялар боюнча күбө катары суралып келген болсо, кечээ Башкы прокуратура анын макамын «шектүүгө» өзгөрткөн.

Тергөө депутатка «Кылмышты уюштуруу» жана «Барымтага алуу» беренелери менен айып тагууда. Эми Асель Кодуранова 9-декабрга чейин үй камагында болот. Ошондой эле, өлкөдөн сырткары чыга албайт.

Эскерте кетсек, буга чейин ЖК депутаты, КСДП Саясий кеңешинин мүчөсү Ирина Карамушкина дагы үй камагына  алынган.

Бөлүшүү