№47-түзөтүү абагындагы кылмышкерлер кандай шартта жашашат? (фоторепортаж)

Автор -
534

Абактагы кишилер эмне тамак ичет, кандай шартта күн кечирет, кышкысын үшүп, жайкысын ысыйбы?.. Бул суроонун жообун алуу көпчүлүккө кызык болсо керек.

“Барс Медиа” маалымат агенттиги так ушул суроолорго жооп издөө максатында Бишкек шаарындагы №47-түзөтүү абагынан кабар алып келишкен.

№47-абактын ар кандай иш-чаралар өтүүчү аянтында 7 облустун желектери илинген.
Абактын борбордук аянты.
Абактагы фонтан.
Өмүрбек Текебаев дагы ооруп калганда бул абакка которулуп, жаза мөөнөтүн өтөгөн.
Абактагы нан чыгаруучу бөлүк. Нандар Бишкектеги №1-СИЗОго жана №47-абактагы соттолуучуларга жасалат.
Бул жерде 5 нөөмөт бөлүмүндө 2ден соттолуучу айлык алып иштешет.
Соттолуучуларга айлыгы атайын ачылган эсептерине которулат. Нан жасагандардын айлык маянасы 3200 сом. Айлыктарын кээ бирөөлөр чыкканга чейин чогултушса, айрымдары туугандарына жардам катары которушат.
Абакта атайын психолог соттолуучулар менен иш алып барат. Ал соттолуучуларга психологиялык кеңештерди, ошону менен катар абактан чыккандан кийин иш табуу, документтерди алуу жагына да жардам болорун айтат.
Соттолуучулар жашаган имарат.
№47-абактын оорукана аймагы.
Оорукана жакында эле оңдоп-түзөөдөн өткөн. Сүрөттөгү киши көп жылдан оорукананын полун жууп, айлык алган соттолуучу.
Дарыланып жаткан айыпкерлер. Бул жерде көпчүлүгү сакайып, өз абагына кайтышса, тилекке каршы көз жумгандар да кездешет.
Ооруканада жаткан соттолуучулар тамактанчу ашкана.
Соттолуучулар текшерүүдөн өтө турган УЗИ бөлмөсү.
Жаза мөөнөтүн өтөп жаткандар үчүн абактын аймагында атайын орто окуу жайы бар. Ал жакта 100гө жакын соттолуучу “окуучулар” окуйт. Бул окуу жайды бүткөндөр Билим берүү министрлиги тарабынан сертификат-дипломго ээ болушат жана эркиндикке чыкканда ал сертификат-дипломдор жарактуу болот.
Мыйзам боюнча камалгандар туугандары менен 1 жылда 10 жолу кыска мөөнөткө (4 саат), 5 жолу узак мөөнөткө (3 күн) жолугушууга укуктары бар. Бул кыска мөөнөттөгү жолугушуучу жай.
Узак мөөнөткө жолугушуу болчу жайда ашкана жана жуунучу бөлмө.
Тапчан.
“Свиданканын” бакчасы.
Узак мөөнөткө жолугуучу жайдагы уктоочу бөлмөлөр. Уктоочу бөлмөлөрдө бардык шарттар бар.
Бул сейилдеп жүргөндөрдүн баары жаза мөөнөтүн өтөп жаткандар. Ал эми артындагы имаратта оор кылмыш жасагандар жана диний-эсктремисттик көз караштагы коомго коркунучтуу кылмышкерлер отурушат. Аларга сыртка чыгып сейилдөөгө тыюу салынган.
Өзгөчө оор кылмыш жасагандар камалган имарат. Бул жакта темир каалгалардын ар биринде 3-4төн кулпуларсалынат жана ар бир кадамы онлайн-көзөмөлдө болуп турат.
Өзгөчө кылмышкерлерди көзөмөлгө алган кызматкерлер онлайн-камералардан көзүн албай отурат.
Оор кылмыш жасагандар сеилдөөчү сырттагы бөлмө. Бул 4 бөлмөдө теннис столу, баскетбол торчосу жана турник орнотулган.
Жаза мөөнөтүн өтөп жаткандар абак жетекчисинин демилгеси менен теплица курушууда. Бул жерге кышкысын помидор өстүрүүнү максат кылып жатышканын айтат.
“Теплицада помидорлор бышса соттолуучулар кышында жейт”,-дейт куруучулар.
Абактагылар жасаган пескоблок.
Абактын аймагында соттолуучулар брусчатка, пескоблок чыгарган жана жыгачтан буюмдарды жасаган цех бар.
Айрым соттолуучулар атайын бакчага картошка, помидор, ашкабак эгип, а түгүл гүл да өстүрүшөт.
Абак жетекчиси Мамасадык Исраилов соттолуучуларды жумуш менен камсыздоо жана аларды тарбиялап, коомго кошуу кызматкерлердин эң башкы максаттарынын бири экендигин айтат.
Абак кызматкерлеринин эс алуучу бөлмөсү.
Мекеменин негизги милдети – соттолуучуларды жакшы жашоого үндөө жана аларды түзөтүү болгондуктан бул стендде тарбиялык мааниси бар ыр саптары жазылган.