Бишкек-Ош-Бишкек багыты боюнча 11-октябрга белгиленген 3 каттам токтотулду

Автор -
203

«Эйр Манас» авиакомпаниясынын Бишкек —Ош —Бишкек багыты боюнча 11-октябрга белгиленген 3 каттамы учпайт. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, «Pegasus» авиакомпаниясынын кампасында тиешелүү техникалар жок болгондуктан, аталган тетиктер АКШдагы «Боинг» заводунан алынып келинүүсү керек жана техникалык мүчүлүштүктөрдү оңдоо көп убакытты талап кылат.

«Эйр Манас» авиакомпаниясы аталган каттамдарга билет алган ар бир жарандын телефонуна каттамдардын учпай калышы боюнча СМС билдирүү жиберет.

Билет ээлери авиациялык эрежеге ылайык, билеттерин алмаштырса, же каражаттарын толук кайтарып алса болот.