Кубанын Улуттук ассамблеясы өлкө президенттигине Мигель Диас-Канелди шайлады. Бул тууралуу Куба парламентинин Твиттердеги билдирүүсүндө айтылат.
#AHORA: La Presidenta del Consejo Electoral Nacional, Alina Balseiro, informa el resultado de la votación y da a conocer que han sido electos para:
▶️Presidente de la República: Miguel Díaz-Canel @DiazCanelB
▶️Vicepresidente de la República: Salvador Valdés @SalvadorValdesM. pic.twitter.com/6HCmkiDqdx— Asamblea Nacional Cuba (@AsambleaCuba) October 10, 2019
Куба президенттигине 17 талапкер ат салышып, Диас-Канель үчүн 605 депутаттын 579у добуш берген.
1976-жылы Кубада президенттик кызмат жоюлган. Мамлекет башчынын милдетин Мамлекеттик кеңештин төрагасы аткарган. Президенттик кызмат 2019-жылдын башында калыбына келтирилип, өлкөнүн жаңы Конституциясы кабыл алынган. Ал парламент тарабынан беш жылда бир жолу шайланат. Президент эки жолу гана шайлануу укугуна ээ.
Диас-Канель Кубанын Мамлекеттик кеңешинин төрагасы болуп 2018-жылдын апрель айынан тарта иштеп жаткан. Ал коммунисттик революциядан бери Кубаны жетектеп келе жаткан Кастронун үй-бүлөсү менен байланышы жок алгачкы адам.
Кубанын жаңы Конституциясы 2019-жылы февралда референдумдун жыйынтыгы менен кабыл алынган. Аны кубалыктардын 73% колдогон. Бийлик түзүмүндөгү айрым өзгөрүүлөрдөн тышкары, баш мыйзам жарандардын жеке менчикке болгон укугун жана эркин рынокту тааныган.