Тажикстанда мугалим окуучу кызды бетинен өпкөнү үчүн түрмөгө кесилди

Автор -

Тажикстанда 58 жаштагы мугалим «12 жаштагы кызга жыныстык ыдык көрсөттү» деп табылып, 17,5 жылга эркинен ажыратылды. Мындай чечимди Хатлон облусунун Яван райондук соту кабыл алды.

«Нурбахш» лицейинин мугалими Мирзохон Алиевдин туугандары бул айып негизсиз экенин, шахмат боюнча мелдеште жеңген окуучусун чын пейилинен кубанып өөп гана койгону үчүн жазага тартылып жатканын айтып чыгышты.

Мугалимдин балдарынын айтымында, атасы ур-токмоктон улам тергөөдө күнөөсүн мойнуна алууга мажбур болгон.

Секелек кыз жеңүүчү болгон шахмат боюнча мелдеш ушул жылдын апрель айында болгон.

«Азаттыктын» тажик кызматы жабырлануучу тарап менен байланышып, алардан комментарий ала алган эмес. Тергөө жана сот органдары дагы жашы жете элек кыздан улам окуянын чоо-жайы тууралуу комментарий берүүдөн баш тартышкан.