Оштогу өспүрүмдөр мушташы. ИИМ текшерүү жүргүзүүдө

Автор -

Соцтармактарда эки өспүрүмдүн мушташып жаткан тасмасы тарады. Автордун айтымында, окуя 13-октябрда Ош районунда болгон. Сыртка орнотулган камерага 2 баланын мушташып жатканы тартылып калган. Видеодо балдардын бири экинчисин ийинден арта кулатып, бет жакка урганын көрүүгө болот. Андан кийин чоң киши келип, балдарды ажыратууга аракет жасаган. Экинчи өспүрүм алган жаракатынан улам кыймылсыз жатканын көрүүгө болот. Ош ШИИББ бул факты боюнча арыз менен эч ким кайрылбагандыгын айтты. Бирок, ИИМ текшерүү жүрүп жатканын билдирди.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү