Сот Атамбаевдин жактоочусунун өтүнүчүн канааттандырган жок

Автор -

Бүгүн, 15-октябрда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук алдын ала уктуруу болду. Ага экс-президент Алмазбек Атамбаев катышкан жок.

Отурумдун жүрүшүндө Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев КР мурунку президентинин бөгөт коюу чарасын үй камагына өзгөртүүнү суранды. Бирок сот өтүнүчтү канааттандырган жок.

Соттук алдын ала уктуруу эртең, 16-октябрда саат 10:00дө уланмакчы.

Эскерте кетсек, Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча ачылган кылмыш ишинде 19 шектүү бар.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү