«Женго» деген каймана аты менен белгилүү, кылмыштуу топтун мүчөсү катары таанымал Кадыр Досонов кайра кое берилди. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Кадыр Досонов бараткан автоунаа бүгүн, 15-октябрда Ошто жол тескөөчүгө баш ийбегени үчүн токтотулуп, өзү да кармалган.
Натыйжада автоунаада мамлекеттик номердин жоктугу, курду тагынбаганы жана жол кыймылын көзөмөлдөгөн кызматкерге баш ийбегени үчүн үч протокол толтурулуп, айып пул салынган. Аларга атайын профилактикалык аңгемелешүү өткөрүлүп, коё берилген. Ал эми айдоочудан алынган тапанча милиция кызматкерлери тарабынан алынып, экспертиза дайындалган.
Досонов мындан бир нече жыл мурда Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча башкармалыгынын Оштогу бөлүмүнүн башчысы полковник Толкунбек Шоноевди өлтүрүүгө буйрук берген деп айыпталган болчу.
2013-жылдын 11-январында «ДЭУ-Нексия» үлгүсүндөгү автоунаанын ичинде отурган Шоноевди үйүнүн жанынан атып кетишкен. Бул кылмыш ишине байланыштуу Кадыр Досонов 2015-жылдын 6-февралында кармалган.Досонов өзү мындай айыптоолорду четке каккан. Ал 2017-жылы Жогорку соттон толук акталып чыккан.