17-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -

17-октябрда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Батыштан шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 2…7, күндүз 16…21;

Таласта түнкүсүн 0…5, күндүз 15…20;

Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 4…9, күндүз 19…24;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…5, күндүз 12…17;

Нарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 12…17;

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7°, күндүз 19…21° болот.