Өкмөт башчы көмүр казуучу компаниялардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөнү тапшырды

Автор -

Мухаммедкалый Абылгазиев адамдардын өлүмүнө алып келген Баткен облусундагы шахтадагы кырсыкка байланыштуу жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Жолдошбек Жунушев Баткен облусунун Кадамжай жана Лейлек райондорундагы шахтадан 6 жаран газга ууланып каза болгонун маалымдады. Анын айтымында, Кадамжай районундагы кырсык шахтанын каралбай калган жана иши токтотулган тилкесинен көмүрдү мыйзамсыз казуу маалында техникалык коопсуздук чараларына этият мамиле кылбагандан улам болгон. Ал эми Лейлек районунда болсо, көмүр казууга лицензия алган компания тараптан коопсуздук талаптары одоно бузулгандан улам  үч жаран каза болгон.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев каза болгон жарандардын туугандарына жана жакындарына көңүл айтты жана жабыркагандарга тез сакайып кетишин каалады.

Өкмөт башчы тийиштүү мамлекеттик органдарга адамдардын өлүмүнө алып келген кырсыктын себептерин караштырып, тартипке келтирүүнү жана мындай окуялардын кайталанбашы үчүн керек болсо катаал чараларды көрүүнү тапшырды.

«Иш токтотулган тилкелерде иштөөгө эч кандай жол берилбеш керек, себеби бул ушундай кесепеттерге – адам өлүмүнө алып келет. Жылытуу сезону жана көмүргө суроо-талап жакындап калганына байланыштуу, жергиликтүү бийлик укук коргоо органдары менен биргеликте шахтага жакын жайгашкан калктуу пункттарда көмүрдү мыйзамсыз казууга жол бербөө үчүн маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек.  Мындан ары ушундай кырсыктарга жол бербөө үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети жана Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция тез арада алдын алуу чараларынын комплексин жүзөгө ашыруусу абзел. Көмүр кенине лицензиясы бар компаниялар коопсуздук талаптарын толук сакташы керек же адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч алып келе турган жагдай болсо, иштөө укугунан ажыратылыш керек жана жоопкерчилиrке тартылышы зарыл»
деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Жыйындын соңунда Өкмөт башчы көмүр казуучу компаниялардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөнү күчөтүүчү натыйжалуу чараларды жүзөгө ашыруу тапшырмасын берди.

Белгилей кетсек, Кызыл-Кыядагы жана Сүлүктүдөгү шахталардагы кырсыктардан эки күндө алты адам каза болгон.

Кызыл-Кыядагы жана Сүлүктүдөгү шахтада алты адам газга ууланып каза тапты

 

Бөлүшүү