Батукаевдин иши. Депутат сот отурумунун жабык өтүшүнө нааразы

Автор -

ЖК депутаты Ирина Карамушкина мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин сотун жабык өткөрүү чечимин анын актыгын жашыруу аракети катары баалады.

17-октябрда парламенттин жыйынында президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаевге кайрылып, ал Атамбаевдин соту боюнча суроолорду койду:

«Эмне үчүн экс-президенттин соту жабык өтүшү керек? Эмне үчүн соңку өткөрүлгөн беттештирүү купуя бойдон калууда? Эгер соттун баары мыйзамды сактоо менен өтүп жатканын көрсөткүңөр келсе, сот эмне үчүн жабык болушу керек? Демек, тилекке каршы, бүгүнкү күндө бийликтики эмес, экс-президенттики туура»
деди Карамушкина.

Буга президенттин өкүлү жооп бере алган жок.

Бөлүшүү