Кыргызстандыктар 2020-жылы кайсы күндөрү эс алат? (календарь)

Автор -

Кыргызстанда 2020-жылга карата 13 күн эс алуу даталары белгиленди.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, эгерде майрамдар дем алыш күнүнө туш келип калса, дем алыш күн майрамдан кийинки жумуш күнүнө которулат.

Кыргызстандыктар эс ала турган даталар:

1-январь — Жаңы жыл;

7-январь — Рождество майрамы;

23-февраль — Ата Мекенди коргоочулардын күнү;

8-март — Аялдардын эл аралык майрамы;

21-март — Нооруз майрамы;

7-апрель — Элдик Апрель революциясынын күнү;

1-май — Эмгекчилердин эл аралык күнү;

5-май — Кыргыз Республикасынын Конституциясы кабыл алынган күнү;

9-май — Жеңиш күнү;

31-август — Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү;

7-8-ноябрь — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү;

«Орозо айт» жана «Курман айт» мусулман майрамдары жана 7-январь Исанын туулган күнү (православия рождествосу) жумушчу эмес майрам күндөрү болуп саналат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү