Ысык-Атада жеңил унаа менен поезд сүзүштү

Автор -

Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылында жеңил унаа менен поезд сүзүштү. Бул тууралуу облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык,  15-октябрда саат 15:30 чамасында  «Fiat Panda» үлгүсүндөгү унаа батыштан чыгышка бара жаткан поезддин алдынан чыга калган. Кырсыктан жеңил унаадагы айдоочу жана эки жүргүнчү жабыркап, алар аймактык ооруканага жеткирилген.

Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү