22-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 22-октябрда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлсө, өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй,Талас облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18;

Таласта түнкүсүн 0…5, күндүз 12…17;

Баткен, Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 4…9, күндүз 16…21 жылуу;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15;

Нарында түнкүсүн -3… сууктан +2 жылуу, күндүз 11…16 жылуу;

Бишкекте жаан чачын күтүлбөйт, күн ачык болот.  Абанын температурасы күндүз 16……18°C, түнкүсүн 4..… 6°C.

Бөлүшүү