Чыныгы талант! Кыргызстандык кыз Central Asia Got Talent телешоусунда «алтын баскычка» ээ болду (Видео)

Автор -
3272

Кыргызстандык 27 жаштагы Айжан Нусувалиева  Казакстанда  өтүп жаткан Central Asia Got Talent телешоусунда америкалык ырчы Beyonce «Listen» аттуу ырын аткарып, «алтын баскычка» ээ болду.

Анын видеосун аталган шоу өзүнүн каналына жайгаштырган.

Айжан Америкада тажрыйба топтоо менен бирге ошол жактагы эс алуучу жайлардын биринде ырдап жүргөн. Анын ырдаганын уккандар Айжанды America’s Got Talent шоусуна барып катышуусу керек экенин айтышкан. Бирок, аталган шоунун талаптарына ылайык, катыша албай калган. Айжан Central Asia’s Got Talent телешоусун укканда өз күчүн сынап көрүүнү чечет.

Бөлүшүү