Хуфур Абдурахемандын сөөгүн казып алуудагы тасма жарыяланды (Видео 18+)

Автор -
944

«Мадина» кафесинин ээси Хуфур Абдурахемандын  сөөгү кылмышкерлер көрсөтмө бергендей эле Кочкор районунда табылган. Маркумдун денесин казып алуу учурундагы видеону Objective аттуу Youtube колдонуучусу жарыялады.

Эске салсак, жеке ишкер Хуфур Абдурахеманды уурдап кетип, өлтүрүп койгон деп шектелип жаткандар учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери башталган.

Маалым болгондой, шектүүлөрдү Свердлов РИИБинин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери «Сосновка» постунан маркумга таандык, уурдалган BMW X5 үлгүсүндөгү автоунаасын башкарып бара жатканда колго түшүрүшкөн.

37 жаштагы жеке ишкер Хуфур Абдурахеман 4-октябрдан бери дайынсыз болуп жаткан. 18-октябрда анын жансыз денеси Кочкор районунан табылганы маалым болгон.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү