«Мадина» кафесинин ээсинин өлүмүнө шектүүлөр камакка алынды

Автор -
286

«Мадина» кафесинин ээси Хуфур Абдурахемандын өлүмүнө шектүүлөр № 1 тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу 24.kg агенттиги укук коргоо органдарына шилтеме берип билдирди.

Маалыматка таянсак, мындай чечимди Свердловский райондук соту кабыл алды.

«Сот кармалган 4 жаранга карата бөгөт чарасын тандаган. Алдын ала билдирүүгө ылайык, бул кылмышка жалпы 8 кишинин катыштыгы бар. Алардын бири Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү- 39 жаштагы М.Т.»
деп билдиришти редакцияга.

Эске салсак, 37 жаштагы жеке ишкер Хуфур Абдурахеман 4-октябрдан бери дайынсыз болуп жаткан. 18-октябрда анын жансыз денеси Кочкор районунан табылганы маалым болгон.

«Мадина» кафесинин ээсинин өлүмүнө шектелип, 8 адам кармалды (фото)

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү