Милиция кызматкерлери «Мадина» кафесинин ээсинин өлүмүнө шектүү 8 адамды кармады. Бул туурасында Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жеке ишкер Хуфур Абдурахеманды уурдап кетип, өлтүрүп койгон деп шектелип жаткандар учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери башталды деп билдирет
Маалым болгондой, шектүүлөрдү Свердлов РИИБинин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери «Сосновка» постунан маркумга таандык, уурдалган BMW X5 үлгүсүндөгү автоунаасын башкарып бара жатканда колго түшүрүшкөн.
37 жаштагы жеке ишкер Хуфур Абдурахеман 4-октябрдан бери дайынсыз болуп жаткан. 18-октябрда анын жансыз денеси Кочкор районунан табылганы маалым болгон.