Сооронбай Жээнбеков япон императорун такка отургузуу аземине катышат

Автор -

Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 20-октябрда иш сапары менен Японияга учуп кетти.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Жээнбеков Япониянын императору Нарухитонун такка отуруу аземине катышат. Япон премьер-министри Синдзо Абэ менен эки тараптуу жолугушуу да пландалган.

Өлкө башчы мындан тышкары Япониянын ири корпорацияларынын жетекчилери жана ал жакта жашаган, окуп-иштеген кыргызстандыктар менен жолугушат.

Япониянын өкмөт башчысы баштаган жоон топ делегация Кыргызстанга 2015-жылы келип кеткен.

Эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык алакалар 1992-жылдын 26-январында түзүлгөн.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү