Алга Кылычевдин камакта калуу мөөнөтү узартылды

Автор -

Алмазбек Атамбаевдин мурдагы тарапташы Алга Кылычевдин камакта калуу мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Биринчи Май райсотунан билдиришти.

Соттун чечими боюнча Алга Кылычев 9-декабрга чейин камакта болот.

Мурунку президенттин тарапташтары Амантур Жамгырчиев, Марат Шаменов, Алга Кылычев, Кыяс Смаилов, президенттин аппаратынын мурунку башчысы Фарид Ниязов жана башкаларга «Массалык башаламандык», «Адам өлтүрүү», «Барымтага алуу» беренелери боюнча айып тагылууда.

Эске салсак, буга чейин Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев Алга Кылычев мурунку президентке каршы көрсөтмө бергенин билдирген. Ошондой эле, Кылычевдин № 1 тергөө абагынан Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына которулганы белгилүү болгон.

Бөлүшүү