Атамбаевдин тарапташтарынын үй камагында калуу мөөнөтү узартылды

Автор -

Биринчи Май райондук соту ЖК депутаты Ирина Карамушкинаны 9-декабрга чейин үй камагында калтырды. Бул туурасында КСДП Саясий кеңешинин өкүлү, Жогорку Кеңеш депутаты Карамушкина Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасында билдирди.

Ирина Карамушкинанын баш коргоо чарасын караган соттук отурум кечээ, 30-сентябрда болгон.

Эскерте кетсек, кечээ дал ушул Биринчи Май райондук соту Фарид Ниязов, Алга Кылычев, Амантур Жамгырчиевдердин баш коргоо чарасын карап, аларды 9-декабрга чейин камакта калтырган.

Бөлүшүү