Бишкекте Toyota Wish үлгүсүндөгү унаа жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн эркек кишини сүзүп кетти. Бул тууралуу шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 21-октябрда Матросов жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Окуя болгон жерден жабырлануучу алган жаракаттарынан улам каза болгон.
«Айдоочу кармалды, унаа айып короосуна токтотулуп, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө»,
деп билдирет басма сөз кызматынан.