Алты айлык баласын өлтүргөн аял 15 жылга соттолду

Автор -

Тажикстанда сот алты айлык баласын өлтүрүүгө айыпталган 24 жаштагы аялды 15 жылга эркинен ажыратты.

Хатлон облусунун жашоочусу Жамила Каримова июнда күйөөсүнүн туугандары менен урушуп кетип, өз уулун каналга ыргытып жиберген. Наристенин сөөгү бир жумадан кийин табылган.

Келиндин кайын-журту Жамила алар менен тил табыша албай, баланы өлтүрүү аркылуу өч алгысы келген деп эсептешет. Жамила болсо үй-бүлөлүк зомбулукка кабылганын, буга байланыштуу баласын да, өзүн да өлтүргүүгө бел байлаганын айткан.

Сотто ал алгач чүрпөсүн каналга ыргытып, бирок өз жанын кыя албай койгонун билдирген.

Жамила Каримова жазасын жалпы режимдеги колонияда өтөйт.

Жарым жыл мурун ал уурулук үчүн да соттолгон, бирок жаш балалуу болгондуктан, жаза мөөнөтү жылдырылган. Мурункусун кошкондо ал 16 жыл темир тор артында болот.

Бөлүшүү