Икрамжан Илмиянов: Мен күнөөлүү эмесмин, айыптарды дагы мойнума албайм

Автор -
Сүрөт: barakelde.org

Октябрь райондук сотунда президенттин мурунку кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун иши боюнча соттук териштирүү иши уланууда.

Аталган райондук соттун жүрүшүндө Икрамжан Илмиянов күнөөсүн мойнуна албай турганын билдирип, 40 күбөнүн ичинен болгону бирөөнү гана партиялашы Чыныбек Анарбек уулун гана билерин кошумчалады.

«Мага коюлуп жаткан айыптарга макул эмесмин. Мен күнөөлүү эмесмин, ал айыптарды дагы мойнума албайм. Бир гана күбөдөн башкасы мени тааныбайт, мен да аларды тааныбайм. Чыныбек Анарбек уулун партиялаш катары гана билем. Ал КСДПнын штабында иштечү»
деди Икрамжан Илмиянов.

Илмиянов белорус фирмасы тууралуу кылмыш иштин материалынан гана билгенин айтты.

Эске салсак, Икрамжан Илмияновго УКМК тарабынан «алдамчылык» боюнча кылмыш иши козголуп, 18-октябрда Биринчи Май райондук соту аны сырттан камакка алуу чечимин чыгарган. 19-октябрда ал Татарстандан кармалган болчу.

Ал көп жыл бою экс-президент Алмазбек Атамбаевдин шоопуру болуп иштеген. Ишеничтен чыкпаган Илмиянов президенттин аппаратын башкарган.

Бөлүшүү