2020 – жылдын январь айынан тарта 166 товар чек арадан жаңы бажы салымдары менен өтүп турат. Бул тууралуу бүгүн, 23 – октябрда ЖК жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев билдирди.
Эл өкүлү билдиргендей, 166 товардын ичине автоунаа дагы кирет.
[ads-quote-center cite=’ деп билдирди депутат. ‘]«Эгерде буга чейин бир автоунаага болгон бажы салым 500$ түзсө, жаңы жылдан тарта 5 миң $ чыгаары белгилүү болду. Айтылып жаткан 166 товарга болгон бажы салымдар дагы кымбаттаса, бул ишкерлерге кедергисин тийгизиши мүмкүн. Биздин ишкерлер Турция, Кытай мамлекеттери менен иштешет. Алар бул 166 товардын аттарын дагы, кандай товарлар экенин дагы билишпейт»[/ads-quote-center]Буга байланыштуу депутат, өкмөткө 166 товардын аттарын атап кетүү керек экендигин билдирди.