Экс-президенттин кол тийбестиги. Соттук коллегия бир судьяны курамынан чыгарды

Автор -

Бүгүн, 23-октябрда Жогорку соттун Конституциялык палатасы Алмазбек Атамбаевден экс-президент деген макамды алуунун мыйзамдуулугун карап жатат. Буга чейин КСДП өкүлдөрү аталган органга кайрылуу жолдошкон.

Соттун жүрүшүндө жооп берүүчү тараптын өкүлү, Жогорку Кеңештин аппаратынын юридикалык бөлүмүнүн башчысы Чыңгызбек Бердимуратов Конституциялык палатанын судьясы Эркинбек Мамыровду соттук коллегиянын курамынан чыгаруу өтүнүчүн келтирди. Бердимуратовдун пикиринде, Мамыров «Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиги» жөнүндө мыйзам боюнча чечим кабыл алына электе эле жалпыга маалымдоо каражаттарына жеке пикирин билдиргени үчүн бул ишти кароого катышпашы керек. Сот бул өтүнүчтү кабыл алып, Мамыровду иштен четтетти.

Буга чейин жактоочу Нурбек Токтакунов Конституциялык палатанын жетекчиси Карыбек Дүйшеевди соттук коллегиянын курамынан чыгаруу өтүнүчүн келтирген.  Ал буга негиз катары Дүйшеев 2013-2014-жылдары Асылбек Жээнбековдун кеңешчиси болгонун келтирип, ал эми Асылбек Жээнбеков президент Сооронбай Жээнбековдун иниси экенин айтып, кызыкчылыктар кагылышы болорун билдирген. Соттук коллегия бул өтүнүчтү четке какты.

Бөлүшүү