Бишкек ЖЭБи боюнча ишти карап жаткан сотто Алексей Ширшов менен Алексей Елисеевдин көрсөтмөлөрү окулат. Сапар Исаковдун жактоочусунун айтымында, мындай өтүнүчтү прокурорлор келтирген, деп жазат 24.kg агенттиги.
Жактоочунун айтымында, 2018-жылы Ширшов менен Елисеев Латвиянын аймагында суракка алынган.
[ads-quote-center cite=’деди Замир Жоошев.’]«Экөөнү тең Кыргызстандын УКМКсынын тапшырмасы менен латвиялык тергөөчү суракка алган. Бул эки адам тең бизде сот жообуна тартылып, учурда эл аралык издөө жарыяланган. Укук коргоо органдары аларды таап, Кыргызстанга экстрадиция кылыш керек болчу. Анткендин ордуна биздин укук коргоочулар алардын жайгашкан жерин билип туруп, суракка алууну суранып жатышат. Биз мамлекеттик айыптоо далили жетишсиздигинен бул адамдардын көрсөтмөлөрүн колдонууга аракет кылып жатат деп эсептейбиз», [/ads-quote-center]Ал күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн ачык окуп берүү күбө объективдүү себептер менен сотко келе албай калганда гана жүргүзүлүшү керек экенин кошумчалады. Бирок прокурорлор мындай далил келтиришкен эмес.
Эскерте кетсек, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында УКМКнын Тергөө абагында мурунку өкмөт башчы Сапар Исаков менен Жанторо Сатыбалдиев, Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев, энергосектордун мурунку жетекчилери Салайдин Авазов менен Айбек Калиевдер отурушат. Мурунку каржы министри Ольга Лаврова үй камагында. Баарына кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.