Атамбаевдин кол тийбестигин алуу мыйзамдуу деп табылды

Автор -

Жогорку Соттун Конституциялык палатасы Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигинин алынышын Баш мыйзамга каршы келбейт деп тапты. Бул туурасында бүгүн, 24-октябрда уланган жараяндын жыйынтыгы менен белгилүү болду.

Ишти кароо кечээ, 23-октябрда башталган. Ал күнү соттук коллегияга Атамбаевдин тарапташтары тарабынан бир өтүнүч, жооп берүүчү тарап — Жогорку Кеңештин аппаратынын өкүлдөрүнөн экинчи өтүнүч түшкөн. Конституциялык палата Атамбаевдин тарапташтарынын өтүнүчүн четке кагып, экинчи тараптын өтүнүчү менен соттук коллегиянын мүчөсү Эркинбек Мамыровду курамынан  чыгарган.

Жогорку Кеңеш быйыл 27- июнда «Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиги» жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизип, Алмазбек Атамбаевди экс-президент деген макамдан ажыраткан. Атамбаев парламенттин мындай чечимин таануудан баш тарткан.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү