Жанар Акаев: премьер-министр мага эмес, элге актансын (Видео)

Автор -

Бүгүн, 24-октябрь Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Жанар Акаев анын «криминал баш көтөрдү» деген билдирүүсүнө премьер-министр «маселени саясатташтырбагыла» деп комментарий бергенине нааразы болду.

[ads-quote-center cite=’ деп билдирди Акаев. ‘]»Кечээ мен ишкерлердин коопсуздугу, чыгарылып кетип жаткан акчалар, криминалдын күчөшү тууралуу айткан билдирүүмө премьер-министр «маселени саясатташтырбагыла» деп жооп бериптир. Өкмөт башчы, ИИМ мага эмес, элге, жарандарга, ишкерлерге жооп берсин, бул менин же премьердин жеке маселеси эмес, жалпы жарандардын маселеси. Кылмыш дүйнөсү камалгандан коркпой калды, анткени алар соттон акталып чыгып кетүүнү адат кылып алышкан!»[/ads-quote-center]

Эскерте кетсек, кечээ Жанар Акаев жеке ишкер Хуфур Абдурахемандын өлүмүнө байланыштуу парламентте маселе көтөрүп, бул фактыны өлкөдөгү криминалдын күчөшү катары сыпаттады. Бул үчүн ал Ички иштер министрлигин айыптап, өкмөт кылмыш чөйрөсү менен күрөшүүдө алсыздыгын көрсөткөнүн белгиледи. Ушундай окуялардан улам ишкерлер бизнесин чет өлкөгө чыгарып кетип жатканын белгиледи.