Сөөгү аэропорттон табылган кишинин 10 миң доллары жоголду

Автор -
608

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунда «Манас» аба майданынын унаа токтоочу жайынан сөөгү табылган Хусан Каримов таксист болчу. Бул тууралуу 24.kg агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, Хусан Каримов 22-октябрда Honda Accord унаасы менен үйүнөн чыгып кетип кайра келген эмес. Алдын ала билдирүүгө ылайык, анын жанында 10 миң доллары болгон.
[ads-quote-center cite=’деп билдиришти редакцияга.’]«Каза болгон жарандын бир тууганы милиицияга арыз жазды. Укук коргоочулар унааны аба майдандын жанындагы унаа токтоочу жайынан табышкан. Багаждан Хусан Каримовдун сөөгү чыкты. Ал эми акча табылган жок»[/ads-quote-center]

Эске салсак, «Манас» аба майданынын унаа токтоочу жайынан эркек кишинин сөөгү табылган.

“Манас” эл аралык аэропортунда унаанын багажынан кишинин сөөгү табылды