Чүйдө 18 жүргүнчү менен бара жаткан кичи автобус оодарылып кетти (Видео)

Автор -

Чүй облусунда жол кырсыктын кесепетинен 18 жүргүнчү менен бара жаткан кичи автобус оодарылып кетти. Бул тууралуу  Turmush басылмасына күбөлөр билдирген.

Болжолдуу маалыматка караганда, жол кырсык 24-октябрда саат 13:30 чамасында Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 38-чакырымында катталган. Жүргүнчүлөрдү ташып бара жаткан «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү кичи автобус менен жүк ташуучу унаа кагышкан.

Кичи автобустун айдоочусу жүк ташыган унаадан ашып өтүүгө аракет кылган. Бирок рулга ээ боло албай, унаа оодарылып кеткен. Анын ичинде 18 жүргүнчү болгон. Оор жараат алгандар жок экени айтылууда.

Жол кырсык болгон жерде жол сакчылары иштеп жатат.