7 жылдан бери уулун издеген эне коомчулуктан жардам сурап, видео кайрылуу жасады (видео)

Автор -
1997

Жалал-Абаддын Кара-Көл шаарынын тургуну Жумадыл Жанузаков 7 жылдан бери дайынсыз. Аны апасы Апал Аликеевга үмүтүн үзбөй, күтүп келет. Баласын издеген эне коомчулуктан жардам сурап, видео кайрылуу жасаган. Бул тууралуу «newtv» жазып чыкты.

Эненин айтымында, уулу элдин агымы менен 2004-жылы Орусияга иш издеп кетип, эмгектенип жүргөн. 2012-жылга чейин үй-бүлөсүнө каралашып, телефондо байланышып турган. Акыркы жолу сүйлөшкөнүндө жеке компаниялардын биринде иштеп жаткандыгып айтып, ошондон кийин дайынсыз болуп кеткен.

Жакшылыктан үмүт үзбөгөн эне уулунун кайрылып келээрине ишенет.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү