Атамбаевдин баш коргоо чарасы узартылды

Автор -

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы узартылды. Бул туурасында журналисттерге жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

Анын айтымында, мындай чечимди Биринчи май райондук соту кабыл алды. Алмазбек Атамбаев өзү сотко катышкан жок. Эми мурунку президент 26-декабрга чейин камакта болот.

Эске салсак, буга чейин Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча алдын ала угууларга келүүдөн баш тарткан.