Бишкек-Торугарт унаа жолундагы жол кырсыгынан 3 адам каза тапты, бирөөсү — жаш бала

Автор -

Бүгүн, 25-октябрда Бишкек-Торугарт унаа жолунун 44-чакырымында жол кырсыгы катталып, үч адам каза тапты. Бул туурасындагы маалыматты Saat.kg порталына Чүй облустук ЖКККБ басма сөз кызматынан тастыкташты.

«Бизге кырсык тууралуу маалымат саат 16:40 түштү. «Тойота Камри» унаасынын айдоочусу батыштан чыгышты көздөй бара жатып, рулду башкара албай калып, жол жээгиндеги бетон тосмону сүзгөн. Кесепетинен 3 киши каза болду, анын бири 4-6 жаштагы бала. Эки киши оор жаракат алып, ооруканага жеткирилди»,
дешти мекемеден.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү