Мамашова «декларациясында бизнесин жашырган» деген маалыматты четке какты

Автор -
267

Жогорку Кеңеш депутаты Айсулуу Мамашова «декларациясында бизнесин жашырган» деген маалыматты четке какты.

24-октябрда бир катар жергиликтүү басылмалар депутат беш компанияга: товарларды дүңүнөн сатуу менен алектенген«Aisu-Lu» ЖЧКсына, аба ташуулары менен алектенген «Дасмия Авиэйшн» кыргыз-орус биргелешкен ишканасына жана «KIT-TRAVEL» ишканасына, «DASNUR» ЖЧКсына, «AQUAPARK DASMIA» ЖЧКсына ээлик кыларын, декларация тапшырганда кирешесин көрсөтпөгөнүн жазып чыгышкан.

Мамашова бул боюнча «Азаттыкка» комментарий берип, ал компаниялар 2015-жылы депутат болгонго чейин ачылганын, парламентке келген соң ишенимдүү башкарууга өткөрүлүп, жабылуу жараяны башталганын белгиледи.

«Эки компания жабылган. Үчөө жабылуу алдында турат. Себеби үч компанияны негиздөөчү шериктер — чет элдиктер. Ушундан улам жабуу кечеңдеп кетти. Компания ачуу оңой, бирок жабуу процесси өтө татаал»
деди Мамашова.

Депутат айым декларациясында бул компаниялар көрсөтүлгөнүн, бирок алардан пайда албагандыктан, түшкөн киреше жазылбаганын кошумчалады.

«Жогорку Кеңештин депутатынын макамы жөнүндө» мыйзамга ылайык, парламентарий ишкерлик жүргүзүүгө, коммерциялык уюмдардын жетекчилик кызматтарын ээлөөгө акысы жок.

Бөлүшүү