Алексей Елисеев: Бишкек ЖЭБи боюнча айыпталып жаткандардын арасында күнөөлүүлөр жок

Автор -

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча ачылган кылмыш ишине айыпталып жаткандардын арасында күнөөлүүлөр жок. Бул туурасында ЦАРИИнин мурдагы жетекчисинин орун басары, адвокат Алексей Елисеев «Азаттыкка» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда 2010-жылкы төңкөрүштөн мурун да, кийин да энергетика жаатында мафия иш алып барып келген.

[ads-quote-center cite=’деди Алексей Елисеев.’]«Ал андагы Бакиев же Ширшов эмес, азыркы Исаков же Атамбаев эмес. Кеп таптакыр башка адамдар тууралуу болуп атат. Алар көзгө илинбеген төмөнкү позицияларда туруп алып коррупциялык процесстерди башкарып, өлкөнүн жетекчилигин «сатып алып» же алдап келген. ЖЭБ дагы ошол эле көрүнүштүн бир бөлүгү, бирок күнөөлүүлөрдү, менимче, бүгүнкү айыпталуучулардын арасынан издебеш керек», [/ads-quote-center]

Елисеев буга чейин Кыргызстандын прокурорлору андан көрсөтмө алганын билдирди, бирок ал көрсөтмөнү Сапар Исаковго каршы колдонуп жатышканына нааразы.

Буга чейин 24.kg басылмасындагы маегинде Алексей Елисеев Кыргызстан менен Латвиянын ортосундагы макулдашууга ылайык ал Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын өтүнүчү менен Латвиянын Коррупция менен күрөшүү жана аны алдын алуу бюросу тарабынан ЖЭБдеги коррупция боюнча сурак бергенин кабарлаган.

Ал суракта кагаздарга таянып, ЖЭБди модернизациялоо $150 миллиондон ашпай турганын айтканын жана ал учурда Сапар Исаков өз ыйгарым укуктары боюнча да, өз ара мамилеси боюнча да кытайлыктардын коррупциялык келишими тууралуу билбей турганын айткан.