Ошто оорукананын короосунан кишинин сөөгү табылды

Автор -

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын короосунан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жансыз дене 26-октябрь күнү саат 11:30 чамасында табылган.

«Маркум болжол менен 35-40 жаштарда. Анын короодо жатканына болжол менен бир жарым айдай убакыт болгон. Учурда бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, маркумга тийиштүү экспертизалар дайындалды. Азыркы тапта анын аты-жөнү такталууда. Денесинде көзгө көрүнөрлүк эч кандай күч колдонуу белгилери жок», —
дешти мекемеден.

Бөлүшүү