Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча ачылган кылмыш ишине айыпталып жаткандардын арасында күнөөлүүлөр жок. Бул туурасында ЦАРИИнин мурдагы жетекчисинин орун басары, адвокат Алексей Елисеев «Азаттыкка» берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда 2010-жылкы төңкөрүштөн мурун да, кийин да энергетика жаатында мафия иш алып барып келген.
Елисеев буга чейин Кыргызстандын прокурорлору андан көрсөтмө алганын билдирди, бирок ал көрсөтмөнү Сапар Исаковго каршы колдонуп жатышканына нааразы.
Буга чейин 24.kg басылмасындагы маегинде Алексей Елисеев Кыргызстан менен Латвиянын ортосундагы макулдашууга ылайык ал Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын өтүнүчү менен Латвиянын Коррупция менен күрөшүү жана аны алдын алуу бюросу тарабынан ЖЭБдеги коррупция боюнча сурак бергенин кабарлаган.
Ал суракта кагаздарга таянып, ЖЭБди модернизациялоо $150 миллиондон ашпай турганын айтканын жана ал учурда Сапар Исаков өз ыйгарым укуктары боюнча да, өз ара мамилеси боюнча да кытайлыктардын коррупциялык келишими тууралуу билбей турганын айткан.