Кыргызстандык бийчилер эл аралык мелдеште күмүш медалга ээ болушту

Автор -
231

Кыргызстандык бийчилер спорттук бал бийи боюнча эл аралык мелдеште күмүш медалга ээ болушту. Бул тууралуу Бий спорту федерациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жыл сайын өтүүчү WDSF World Open — 2019 бул ирет Украинанын Киев шаарында өткөн. Ага 15 мамлекеттен 49 жуп катышкан. «Чоңдор, латина, ачык класс» категориясында Кыргызстандан барган бийчилер Артем Семеренко менен Валерия Качалко экинчи орунду алышты.

Дүйнөлүк рейтингде Артем Семеренко менен Валерия Качалко 21-сапта турушат. Мурда алар Новосибирск шаарындагы мелдеште коло медаль утушкан.

Бөлүшүү