Мурдунун формасын оңдотом деген 13 жашар кыз көзүнөн ажырады

Автор -

Вьетнамда мурдунун формасын оңдотом деген 13 жашар кыз көзүнөн ажырап калганын AsiaOne басылмасы жазды.

Өспүрүм мурдунун формасына көптөн бери нааразы болуп келгени айтылат. 21-октябрь күнү ата-энесине айтпай спа-салонго барып, мурдун коррекциялоо үчүн косметикалык процедурадан өтөт. Ага төлөнчү эки миллион донгу (5,5 миң рубль) жок экенине карабай салондун ээси акыны бөлүп алууга да макул болот. Ал эми операциянын өзү гиалурон кислотасынын инъекциясы менен жасалмак.

Ийне сайылгандан кийин жарым саат өтүп-өтпөй кыздын жүрөгү айланып, башы менен оң көзү чыдатпай ооруй баштайт. Көрүүсү начарлап баратканынан ата-энесине чалып, алар кызды ооруканага алып жөнөшөт. Дарыгерлер гиалурон кислотасы көздүн торчосун кычкылтек менен камсыз кылып турган кан тамырды жаап калганын аныкташкан.

Кан айлануунун бузулушу торчону, мурун менен чекедеги ткандардын бөлүктөрүнүн жансызданышына алып келген. Адистер жабыр тарткан көздү калыбына келтирүү дээрлик мүмкүн эмес деген пикирде экенин айтышты.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү