Чыныбай Турсунбеков Аспековдун арызы боюнча үн катты (видео)

Автор -

Башкы прокуратура УКМКга Бишкектеги ликер-арак заводунун мыйзамсыз банкрот болушу боюнча сотко чейинки өндүрүштү жаңылоону тапшырды. Бул тууралуу жарандык активист Мелис Аспеков соцтармакка жарыялады.

Ал КСДП фракциясынын депутаты Чыныбай Турсунбеков рейдерлик жол менен «АкылИнвестБанк» менен Бишкектеги ликер-арак заводун басып алганын айтып чыккан.

Ал эми ЖК депутаты Чыныбай Турсунбеков Govori.TVга бул тууралуу айтып берип, өз дарегине айтылган айыптоолорду четке какты. Анын айтымында, Аспеков эмне жөнүндө айтып жатканын өзү жана анын артында тургандар гана билбесе, Бишкектеги ликер-арак заводдун кандай себептен улам банкрот болгонун ал билбейт.

Мындан тышкары, депутат Мелис Аспеков ага мындан бир нече убакыт мурун акча сурап кайрылганын айтты. «Анын сураганын бербей койсом ушундай кыймылдарды кылып жатат»,-деди Турсунбеков.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү