Ош облустук ооруканасынын короосунан сөөгү табылган адамдын өздүгү аныкталды

Автор -

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын короосунан жансыз денеси табылган эркек кишинин аты-жөнү такталды. Ал 50 жаштагы А.Э. аттуу жаран болгон. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, маркум Кара-Суу районунун тургуну. Ал үйүнөн чыгып кетип, Ош шаарында жүргөн. Анын туруктуу жашаган жери жана иштеген иши болгон эмес. Ошондой эле ал спирт ичимдиктерин көп ичип жүргөн.

Буга чейин оорукананын короосунан жансыз дене табылган. Анын короодо жатканына болжол менен бир жарым айдай убакыт болгон. Учурда бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, маркумга тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү