Саясатчылар президенттен Курсан Асановдун ишин жеке көзөмөлүнө алууну суранышты

Автор -

Саясатчылардын жоон тобу президент Сооронбай Жээнбековго ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асанов боюнча ачык кат менен кайрылышты.

Катта 7-8-августтагы окуялардан кийинки укук коргоо органдарынын жетекчилеринин иш-аракеттери жана билдирүүлөрү коомдо көп суроолорду жаратып, өлкөдөгү коомдук-саясий абалдын чыңалышына алып келгени айтылат.

Кайрылгандар Курсан Асановдун кызматтан чуу менен бошотулушу кырдаалды ого бетер күчөттү деп эсептешет.

«Укук коргоо органдары тергөөнүн кызыкчылыгы деген түшүнүккө жамынып алып, коомчулукка Асановдун аракетинде кандайдыр-бир түшүнүксүз кылмыштардын белгиси болгону тууралуу айыптоочу мүнөздөгү так эмес билдирүүлөрдү таратып башташты. Чынында бул жалган маалымат катары кабыл алынды»,
-деп айтылат билдирүүдө.

Алар мамлекеттик кызматта иштеп келген жылдары Асанов өзүн жакшы жагынан көрсөткөнүн эске салышты. Алардын пикиринде, Асанов — өз өлкөсүнө берилген адам, ал өзүнүн ишинде жогорку кесипкөй сапаттарын көрсөтүп, милициялык кызматтын бардык этаптарын басып өтүп, министрдин орун басары кызматына чейин жеткен.

«ИИМ жетекчилигинин 2019-жылдын 7-8-августундагы окуялар учурунда Асанов тарабынан кетирилген мыйзам бузуулар жана ички тергөөнүн жыйынтыктары тууралуу билдирүүсүн негиз катары алуу жетишсиз жана алар чындыкка туура келбейт деп эсептейбиз. Биздин оюбузда, кызыкдар тараптар атайылап айыптоочу багытта көрсөтүп жатат»,
- деп айтылат катта.

Алар медалдын башка тарабына дагы көз чаптырууну сунушташат, ага ылайык, ар бир жетекчи жеке өзүнүн иш-аракети үчүн гана эмес, кол алдындагылардын кылганы үчүн да жоопкерчилик жүгүн алып жүрөт.

Кыргызстан эли Асановдун экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын толугу менен ийгиликтүү өткөргөнүнө күбө болду. Бул фактыны айрым күчтөр өздөрүнө пайдалуу жагынан көрсөтүүгө аракеттенишүүдө.

«Биз Курсан Асанов ал күндөрү туура иш кылды деп эсептейбиз. Жалпысынан айтканда, ал милициянын кадыр-баркын «саткан» жок, тескерисинче, сактап калды. Бул талашсыз чындык»,
-дешет каттын авторлору.

Алар ЖМКлардагы Асановдун туугандарына, айылдаштарына, кесиптештерине жана досторуна басым көрсөтүлүп жатканы тууралуу билдирүүлөргө президенттин көңүлүн бурушту. Тергөө органдары Асановго тиешеси жок адамдардын мүлкүн камакка алып жатат, айрым адамдардан керектүү көрсөтмо алыш үчүн басым жасалууда. Айдоочусу камакка алынды.

Мындай көз караш таң калтырат. Анткени, сөз ага каршы кандай жол менен болсо да көрсөтмө алыш керек болгон мамлекеттик кылмышкер тууралуу болгон жок.

«Урматтуу Сооронбай Шарипович, аталган окуяларды адилет жана ачык-айкын териштирүүнү камсыз кылуу, өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды турукташтыруу үчүн бул ишти жеке көзөмөлүңүзгө алышыңыз керек. Бул жагдай генерал-майор Асановдун тарапташтарын гана эмес, бардык элди тынчсыздандырып жатат»,
- деп жазышат ачык каттын авторлору.

Катка кол койгондор:

  • Медеткан Шеримкулов,
  • Абдыганы Эркебаев,
  • Өмүрбек Текебаев,
  • Феликс Кулов,
  • Темир Сариев,
  • Камчыбек Ташиев,
  • Кубатбек Байболов,
  • Марат Иманкулов,
  • Абдыгул Чотбаев,
  • Асия Сасыкбаева,
  • Каныбек Осмоналиев,
  • Камила Талиева,
  • Эркин Булекбаев,
  • Жылдызкан Жолдошова,
  • Жолборс Жоробеков.

Эскерте кетсек, 13-августта Курсан Асанов «милициянын кызыкчылыгын саткан жана ишенимден кеткен» деген жүйөө менен кызматынан бошотулган. 14-августта ал Аскер прокуратурасына сурак берүүгө чакырылган. Кийин Башкы прокуратура Асановго карата «Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирген.

Бир жумадан кийин Асановдун жактоочусу Икрамидин Айткулов алдамчылыкка шектелип, камакка алынган. Соттун чечими менен ал үй камагына чыгарылган. Дагы бир нече убакыттан кийин Курсан Асановдун айдоочусу-жан сакчысы Дамирбек Пайзилда уулу камакка алынган. Сот аны 23-октябрга чейин камакка алуу тууралуу чечим чыгарган. Асановдун уулун камакка алуу тууралуу чечим чыгып, ага издөө жарыяланган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү