Баткен районунун тургуну тажик чек арачыларына кармалды. Ал базарга барган

Автор -

Баткен районунун тургуну Асылбек Каримов чек ара режимин бузгандыгы үчүн Тажикстандын чек арачылары тарабынан кармалды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча өкүлчүлүгү тажик тарап менен сүйлөшүп, Асылбек Каримовду мекенине кайтарып берүү тууралуу кеп болду.

«Бирок Тажикстандын мыйзамына ылайык, кыргызстандык жаран айып пул төлөөгө милдеттүү», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин 26-октябрда тажик тарап колго түшүргөн 2 кыргызстандык Баткен аймагына кайтарылган. Эми Асылбек Каримовду алып келүү боюнча иштер жүрүүдө.

Эске салсак, Асылбек Каримов 24-октябрда коңшу тараптын Чарко базарына кетип кайра кайтып келген эмес.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү