Сот Акундун «Апрель» каналына берген доо арызын кароодон баш тартты

Автор -

Бишкектин Октябрь райондук соту мурунку Акыйкатчы Турсунбек Акундун «Апрель» телеканалына болгон доо арызын кароодон баш тартты. Бул туурасында анын өкүлү Аида Токтоназаровага таянып, 24.kg жазды.

Анын айтымында, сотко бардык керектүү документтер жана далилдер берилген, бирок доо арыз четке кагылды. Юрист чечимдин үстүнөн арызданып, аны жаңы курамда кароого жетишүүгө аракет кылаарын билдирди.

Эске сала кетсек, 2019-жылдын 24-июнунда Турсунбек Акун «Апрель» телеканалы жана каналдын атайын кабарчысы Канат Каниметов анын кадыр-баркына, ар-намысына шек келтирди деген жүйөө менен сотко берген. Кеп 2019-жылдын 6-майында «Апрель» телеканалынын эфиринде көрсөтүлгөн материал тууралуу болууда. 

Анда Азиз Батукаевдин эжеси Хава Хамидованын 2014-жылы «Московский Комсомолец» гезитинде, журналист Улукбек Бабакуловдун макаласында жарыяланган маегинен үзүндү берилген. Хава Хамидова Батукаевди  эркиндикке чыгаруу үчүн анын жолдошу өз колу менен Турсунбек Акунга 100 миң доллар бергенин айткан. Бул макала үчүн Акун Бабакуловду сотко берген эмес.

 

Бөлүшүү