Депутат: Байлар менен аткаминерлер көбүрөөк салык төлөш керек

Автор -

Мүмкүнчүлүгү бар чиновник жана бизнесмендер көбүрөөк салык төлөшү керек. Депутат Төрөбай Зулпукаров мындай сунушун Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин 28-октябрдагы жыйынында айтты. Эл өкүлү бирок мунун жалпы элге тиешеси жок болушу зарыл экенин белгиледи.

«Ашкере байлыкка салык деген бар. Ошону сиздер күчөтүңүздөр. Мүмүкүнчүлүгү бар чиновник жана бизнесмен көбүрөөк салык төлөшү керек. Бирок жалпы элге жайылтылбагандай болушу абзел. Муну эске алыңыздар»,
деп сунуш кылды Зулпукаров.

Депутат андан кийин күйүүчү майды чек арадан ташып өтүүдө мыйзамдагы жылчыктардын кесепетинен бюджетке миллиард сомдон ашык акча түшпөй калганын, муну чечүү боюнча кандай аракеттер жүрүп жатканын сурады. Экономика министри Санжар Мукамбетов аталган маселени чечүү үчүн күйүүчү майларды темир жол аркылуу ташуу жана күйүүчү май куйган жайларды автоматташтыруу системасына өткөрүү аракеттери жүрүп жатканын билдирди.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү