Ырчы Зере БУУнун жарандык коомунун форумунда «Кыз» аттуу ырын аткарды

Автор -

Кыргызстандык ырчы Зере Бириккен Улуттар Уюмунун аянтчасында өзүнүн «Кыз» аттуу ырын аткарды. Бул тууралуу ырчы өзүнүн Instagram баракчасында билдирди.

Кечээ, 28-октябрда Женевада жарандык коом уюмдарынын форуму өтүп, анда аялдардын укугун жана мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүнүн көйгөйлөрүн чечүү боюнча Пекин декларациясы талкууланган. Форумдун сессияларынын биринде Зере «Кыз» аттуу ырын аткарып чыкты. Бул ыр былтыр интернеттин кыргыз сегментинде кызуу талкуу жараткан.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү