Бүгүн, 30-октябрда Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо боюнча ачылган кылмыш ишин кароо уланууда. Жараянга судья Инара Гилязетдинова төрагалык кылып жатат.
Процесс айыпталуучуларды суракка алуу менен башталды. Биринчи болуп мурунку өкмөт башчы Сапар Исаков сурак берүүдө. Ал Кытайда 2010-жылы ЖЭБди модернизациялоо боюнча ТВЕА менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдү (анда долбоордун баасы 360 миллион доллардан аз деп көрсөтүлгөн) четке какты.
[ads-quote-center cite=’-деди мурунку өкмөт башчы.’]«Бул акылга сыйбаган нерсе. Жалган жана калп. Мен сиздерге Кыргызстандын Кытайдагы элчисинин отчетун окуп берейин. Анда Кытайда ЖЭБди модернизациялоо боюнча эч кандай сүйлөшүүлөр жүргүзүлбөгөнү айтылат», [/ads-quote-center]Эске салсак, буга чейин 2010-жылы сүйлөшүүлөр тууралуу Өнүгүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттиктин кызматкери Алексей Елисеев билдирген. Айтымында, Бишкек ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун баасы кыргызстандык аткаминерлер тарабынан эч качан 150 миллион доллардан жогору каралган эмес. Бирок Елисеев анын көрсөтмөсүнүн Сапар Исаковго каршы колдонулуп жатканына нааразы болгон. Елисеев ЖЭБ боюнча иште күнөөлүүлөр эркиндикте жүрүшкөнүн, Исаковдун айыбы жок экенин кошумчалаган.