Депутат Ирина Карамушкина мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин балдарын куугунтуктоону токтотууну талап кылды. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда айтты.
Анын айтымында, Атамбаевдин балдары «Кыргызавтомаш» ААКнын өндүрүшүн өнүктүрүштү. Бирок, учурда ишкананын активдери камакка алынып, документациясын тартып алышкан. Иш факт түрүндө токтоп калган. Ирина Карамушкина ушундай эле көрүнүш «Медиа Форумда» да бар экенин кошумчалады.
[ads-quote-center cite=’деди Ирина Карамушкина.’]«Атамбаевдин компаниясы салык түрүндө казынага 25 миллион сом төлөгөн. Элде бүгүнкү күндө бийлик Алмазбек Атамбаевдин жасаган эмгектеринин баарын чийип салууга аракет кылып жаткандай ой калды. Кыргызстан Кокон хандыгы эмес, өлкөгө мыйзамды алып келгиле. Мурунку президенттин бир дагы тууганы ал башкарып турган маалда жогорку кызматта иштеген эмес», [/ads-quote-center]
Эске салсак, УКМКнын атайын кызматы 7-августта Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн басып алууга аракет кылган. Бирок, операция ийгиликсиз болгон. Башаламандык маалында 45 киши жаракат алган. «Альфанын» кызматкери октон каза тапкан.
8-августта атайын операцияны ИИМдин атайын бөлүмчөсү колго алган, жыйынтыгында мурунку президент багынып берди. Ал УКМКнын тергөө абагына 26-октябрга чейин камакка алынды.